Бишкекте унаа уурдоого шектелип 18 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте унаа уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-декабрда милицияга А.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал белгисиз жаран түнкү саат 23:30 чамасында Тоголок Молдо көчөсүндө токтоп турган Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасын айдап качып кеткенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесине (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 2005-жылы туулган К.Д. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан