Өзгөндө Салык кызматынын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Өзгөн району боюнча башкармалыгынын кызматкери салык текшерүүсүнүн жыйынтыгын бурмалоо жана 700 миң сомдон ашык салык карызын жашыруу үчүн облустун тургунунан акча талап кылганы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Салык кызматынын кызматкери пара катары 200 миң сом акча талап кылган. Кылмыш иши боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, 20-декабрда 200 миң сом акча каражатын алып жатканда Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы У.К. кармалган.

"Тинтүү иштеринин жүрүшүндө күрмөнүн чөнтөгүнөн пара катары алынган акчалар табылган. Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин КИББдин төртүнчү башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүштү. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти ИИМден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан