Кыргыз спортчулары таэквондо боюнча Казакстандын Алматы шаарында өткөн "Dream Cup Open 2023" эл аралык турниринде 20 медалга ээ болушту.
Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришкендей, олимпиадалык мелдеш 15-17-декабрь күндөрү өткөн. Ага Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары катышкан. Жыйынтыгында 5 алтын, 4 күмүш жана 11 коло медаль жеңди.
Маалыматта турнирге Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 1200гө жакын спортчу катышканы айтылат.