Тажикстандан аткезчилик жол менен ташылып келген спирттен жасалма арактарды даярдаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Ички иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, коңшу өлкөдөн алынып келген спирт менен Чүйдө жасалма спирт ичимдиктери даярдалып жана мыйзамсыз сатылып келгени аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренесинин 2-бөлүгүнүнө (Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) жана 261-беренесине (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү адамдардын жашаган жерине тинтүү жүргүзүү учурунда аткезчилик жол менен даярдалган 1783 даана беш литрлик бөтөлкөдөгү спирт (8 тонна 895 литр), арак жасоочу 2 станок, ичинде жасалма арак куюлган 100 граммдык стакандар салынган 50 куту, жана 2 миң акциздик маркалар жана дары-дармектер табылган.
Ошондой эле шектүүлөр жасалма спирт ичимдиктерин жасоо менен алектенген жайды ижарага алышкандыгы дагы аныкталды.
Кылмышка шектүү катары Чүй облусунун тургундары 1978-жылы туулган М.Т., К.С. жана Р.А., 1991-жылы туулган М.А. жана аталган кылмыштуу топтун уюштуруучусу Лейлек районунун тургуну 1997-жылы туулган Х.М. кармалып, соттун чечими менен Бишкек шаарынын №1-тергөө абагына киргизилген.
Учурда кылмыштуу топтун калган катышуучуларын кармоо боюнча кошумча иш-чаралар жүрүп жатат.