Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев аяз атанын кийимин кийип, SUPER.KG порталы менен чогуу бөбөктөргө белек таратууда.
Эл өкүлү SUPER.KG порталы менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана жетим балдарга Жаңы жылга карата белектерди таратып, жакшы маанай тартуулап жатышат.
Белгилей кетсек, SUPER.KG порталы ушундай эле иш-чараны былтыр дагы өткөргөн. Анда депутаттар Тазабек Икрамов менен Аида Исатбек кызы аяз ата менен аяз кыздын кийимин кийишип, бөбөктөргө белек таратышкан.