"Капа болбо дедим". Эдил Байсалов Жоламан Шаршенбеков менен сүйлөшкөнүн айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов балбан Жоламан Шаршенбеков менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Мен азыр Жоламан баатыр менен байланышып, сүйлөштүм. Ал Өзбекстанда машыгууда. Журналисттер сөздөрүн контексттен жулуп алып чыгарып, ал чоң саясат, сенсация болуп кеткенине өзү таң калып жатат. Мен Жоламанга капа болбо, көңүлгө алба деп айттым.
Президент Садыр Жапаров дагы, Камчыбек Ташиев дагы Жоламанды колдойт. Баласындай жакшы көрүшөт керек болсо. Балбаныбызга мамлекет жетекчилиги анын пикирине эч кандай терикпегенин, көңүлгө албасын жеткиздим. Тек гана ийгилик тилешет!
Жоламан Шаршенбеков далай жеңиштерге жетип, кыргыз туусун көтөрүп, тууну карап ураан ырды ырдап, 7 миллион кыргызга эмоция тартуулаган балбан катары туу боюнча айтканы - ал тууну сүйгөнү. Аны билип туруп, чемпионубузду саясатка аралаштырып, түрткүлөгөн, чагымчылдыкка барган журналисттерге жол болсун", - деп жазды ал.
Ошондой эле ал Жоламан Шаршенбеков Олимпиадага даярданып жатканын, анын атын саясатка аралаштырбоо керектигин белгиледи.
"Туу - бул символ. Тууну сүйгөнүбүз, кыргыздын бүтүн жерин, биримдиктүү элин, өнүккөн өлкөсүн, күчтүү мамлекетин сүйгөнүбүз. Атаңдын калпагы өзгөргөндөн атабызды сүйбөй калбайбыз. Ошондуктан эмоцияны жыйыштырып мамиле кылалы.
Алаксыба, Жоламан! Патриот жана жаран катары мамлекет мыйзамын сыйлап, улутубуздун жаңы туусуна баш ийип, аны желбиретериң да анык. Жоламан башка балбандарыбыз менен азыр Олимпиадага жана маанилүү турнирлерге даярданууда. Анын атын саясатка аралаштырбайлы туугандар. Жоламаныбызга жана башка спортчуларга жалпы элибиз тарых жаратчу ийгиликтерди каалап, сүрөп туралы!", - деп жыйынтыктады Эдил Байсалов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан