"Кылмыштуулук 51 пайызга азайды". ИИМ үч жыл ичинде жетишкен ийгиликтерин тизмектеди

Бүгүн, 22-декабрда ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдары тарабынан жаңы жылды тосуу мезгилинде коомдук тартипти сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана унаа кырсыктарынын алдын алуу тууралуу онлайн кеңешме өткөрдү.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйынга министрдин орун басарлары, тиешелүү кызматтардын жана аймактардыгы ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Онлайн чогулуштун жүрүшүндө министр Улан Ниязбеков элдин коопсуздугу боюнча өз натыйжасын берип жаткан үч жыл аралыгындагы жетишкендиктердин жыйындысын белгилеп өттү.

Алар:

- Республиканын бардык аймактарында 59 даана “Милициянын көчмө кабылдамалары” өз ишин улантып келүүдө.Айыл-шаар жергесинде жашаган элдин калың катмары көчмө кабылдамаларды кадыресе күтүп, ишеним көрсөтүп, таяныч таап калышты десек болот. Аны менен бирге, рейддерди өткөрүү тартибин эки эсеге күчөтүп, 300дөн ашуун рейддик иш-чараларды өткөрдүк. Натыйжада кылмыштын катталуусу үч жыл аралыгында 51 пайызга төмөндөдү.

- Коомдук жайларда жасалган кылмыштардын саны 26 пайызга азайды. Жол кыймылынын коопсуздугун алдын алуу үчүн, “Коопсуз шаар” долбоору жана анын ишмердигин көзөмөлдөгөн “Мониторинг борбору” иш алып барууда. Буга кошумча активдүү иш-чараларды уюштуруп, “Автоураган” аталыштагы 10 стационардык, 22 мобилдик аппараттык-программалык комплекстерди ишке киргиздик. Туруктуу тартипте пропагандалык жумуштарды жүргүзүүнү жөнгө келтирдик. Жыйынтыгында үч жыл аралыгында катталган жол-унаа кырсыктарынын саны 38 пайызга азайды.

- Дүйнө жүзүндөгү 26 өлкөнүн ички иштер министрликтери менен тыгыз байланышты чыңдап, бир катар ири долбоорлорду, келишимдерди, меморандумдарды кабыл алууга жетиштик. Анын алкагында эл аралык донорлордон 221 миллион сомго бааланган ар түрдүү авто-техникалык жана кызматтык керектөөдөгү каражаттарды алып, ишке киргиздик. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен сервердик жабдууларды, видео-регистраторлорду, планшеттерди, боди-камераларды алып, Милициянын кайгуул кызматтары менен аймактык тескөөчүлөргө таратып бердик. Боди-камералардын иштөө тартибин президентибиз жакында болуп өткөн Курултайда онлайн форматында коомчулукка көрсөтүп берди. Ал учурга баарыңыздар күбө болуп, көрдүңүздөр.

- Ыкчамдыкты чыңдоочу санарип радиостанцияларды жана башка көптөгөн заманбап технологияларды ишке киргизип, кылмыштуулукка каршы күрөшүү чараларын уюштурдук. 300дөн ашуун унаа каражаттарын алып, жер-жердеги ички иштер органдарынын ишмердигин чыңдоого таратып бердик. Ошентип, заманбап ыкмалар жана түзүлгөн шарттардын натыйжасында, жалпы кылмыштардын бетинин ачылышы 28 пайызга жакшырды. Оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу 68 пайызга жогорулады. Эл менен түздөн-түз иштеген аймактык тескөөчүлөргө дагы кошумча авто-техникаларды таратып берүүнү максат кылып жатабыз.

- Республика боюнча үч миң видеокамералар күнү-түнү иштеп жатат. Видеокамераларга мониторинг жүргүзүү жумуштарынын натыйжасында, үч жыл аралыгында 5 миң 600 кылмышты жеринде аныктап, бөгөт коюуга жетиштик. Бардык нөөмөт бөлүктөрүнө жана убактылуу кармоочу жайларга көзөмөлдөөчү камераларды орнотуп, коопсуздук системасын түзүүгө жетиштик. Натыйжада камакта отурган же убактылуу кармалып турган адамдар арасында жанын кыюу, өз ара мушташуу же кыйноолорго дуушар болуу сыяктуу терс көрүнүштөр жоюлду. Ички иштер органдарынын ишмердигин жакшыртуучу 15 жаңы программаны иштеп чыктык.

- “Тергөө” программасыда азыркы тапта өз жемишин берип жатат десек болот.
“Транспорттук ишмердикти лицензиялоо”, “Маалыматтык издөө”, “Жол кырсыктарын эсепке алуу”, “Электрондук документ жүгүртүү” жана башка бир катар жаңы системаларды түзүп, ишке ашырдык. Азыркы учурда, пилоттук режимде “Курал реестри” жана “Медициналык маалымат системасы” аталыштагы эки тутумду ишке киргизип, сыноо этабынан өткөрүп жатабыз.

- “Ички иштер органдарынын ишмердигин баалоо” тутуму түзүлүп, текшерүү этабынан өтүп жатат. Ушуларга окшогон дагы бир топ программаларды ишке ашырып, ыкчам-кызматтык натыйжаларды дагы чыңдайбыз.

- Үч жыл аралыгында “Бирдиктүү терезе” жана “Унаа” мекемеси аркылуу республикалык бюджетке 3 миллиардка жакын каражат түшүрүүгө жетиштик. Ички иштер органдарына тиешелүү 42 объекттини куруп, пайдаланууга бердик. 200 объектке курулуш-монтаждоо жана оңдоп-түзөө иштерин уюштурдук.

- Турак-жайы жок кызматкерлерге жана ардагерлерге колдоо көрсөтүү максатында, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу Бишкек шаары боюнча алганда эң төмөнкү баада 216 батирди кесиптештерибизге тапшырдык. Өздүк курамга шарт түзүп, ар тараптуу социалдык колдоолорду улантып, келерки жылы дагы бир катар кызматтык жана социалдык курулуштарды ишке ашырууну пландап жатабыз.

- Адамзаттын саламаттыгына доо кетирген бирден-бир көйгөй баңгизаттары болуп эсептелет. Бул багытта жаңы методикаларды жана санарип ыкмаларды колдонуп, үч жыл аралыгында 16 тонна баңгизаттарын алууга жетиштик.

- Жаңы үлгүдөгү сервистик тейлөөгө өтүп, коопсуздук чараларын бир тартипке салдык.

- Катталган кылмыштардын бетин ыкчам ачып, коомго жат көрүнгөн окуяларга бөгөт коюу боюнча санарип тармагын жаңы багытка чыгардык.

- Жарандардын арыз-билдирүүлөрүн ачык-айкын тергеп, калыс чечим кабыл алууга жакшы шарттарды түздүк.

- Элдин турмуш-тиричилигине терс кесепетин тийгизген кылмыштарга бөгөт коюу үчүн бир катар жаңы долбоорлорду даярдадык.

- Айыл-шаар аймактарында туруктуу негизде элге жолугушуу, жеринде юридикалык кеңештерди берүү, арыз-даттанууларды ыкчам кабыл алуу, элге ачык болуу тутумун түздүк.

- Ичибизден тазалануу, милициянын баркын кетирген кызматкерлерден арылуу процедурасын туруктуу негизде улантып жатабыз.

Министр Ниязбеков мыйзам жана тартип бузууларга жол бербөөнү катуу көзөмөлгө алууну, элди тейлөө, суроо-талаптарды мыйзам чегинде ишке ашыруу үчүн жардам сурап кайрылган жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө карата ишмердикти күчөтүүүнү тапшырды. Ал милициянын ар бир жасаган жакшы иши элдин коопсуздугун чыңдоого, коркунучу жок абалды түзүүгө арналгандыгын белгиледи.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан