К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.
Маалыматка ылайык, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, “Токмок шаарынын кароочусу” деп аталган К.Э.Ж. жеке ишкерден 5 миң доллар опузалап алуу фактысы боюнча кармалган.
Иликтөө ишинде ал коркутуу жолу менен ишкерден туруктуу негизде акча талап кылып алып турганы аныкталган.
Мурда бир нече жолу соттолгон К.Э.Ж. 1 000 доллар алып жаткан жеринен кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.