Бишкектик спортчулар фехтование боюнча Казакстанда медаль тагынышты

Кыргызстандык спортчулар фехтование боюнча мелдеште 8 медалга ээ болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Белгиленгендей, О.В.Фелинскаянын жаркын элесине арналган кадеттер жана өспүрүмдөр арасында фехтование боюнча эл аралык турнир Казакстандын Чымкент шаарында өттү.

Мелдешке "Дельфин" олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары катышты.

Турнирдин жыйынтыгында спортчулар 8 медалга ээ болушту:

Эркектер арасында шпага (өспүрүмдө) жекече мелдеште:
- Барсбек Райымбеков – 3-орун.

Эркектер арасында шпага (кадеттер) жекече мелдеште:
- Барсбек Райымбеков – 1-орун;
- Даниил Лепихов – 2-орун.

Эркектер арасында (өспүрүмдөр) командалык мелдеште:
- Барсбек Райымбеков, Даниил Лепихов, Акмал Мойдунов – 3-орун.

Эркектер (кадеттер) арасында командалык мелдеште:
- Барсбек Райымбеков, Даниил Лепихов – 2-орун.

Кыз-келиндер арасындагы жекече мелдеште (өспүрүмдөр):
- Акак Кеңешова – 3-орун.

Кыз-келиндер арасындагы шпага (өспүрүмдөр) командалык мелдеште:
- Акак Кеңешова, Мария Перелюбская, Медина Жеңишбекова – 3-орун.

Кыз-келиндер (кадеттер) арасындагы командалык мелдеште:
- Мария Перелюбская, Сайора Саратова – 3-орун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан