Бүгүн, 22-декабрда президент Садыр Жапаров балдарга арналган Жаңы жылдык балатыда билим менен илим аркылуу гана өнүккөн өлкөнү, күчтүү мамлекетти курууга жетише тургандыгын айтып, балдар – билимдүү жаштар өлкөнүн интеллектуалдуу потенциалы, келечектин үмүтү жана таянычы болорун баса белгилеп өттү.
Мамлекет башчысынын президенттик балатыдагы куттуктоо сөзү:
«Кымбаттуу окуучулар! Кыргызстандын жаркын келечеги болгон балдарым! Менин кичинекей досторум!
Мынакей жалпы кыргызстандыктар күткөн, айрыкча силер дегдеп күткөн Жаңы жыл да келип калды. Саналуу күндөрдөн кийин силер 2-чейректи жыйынтыктап, Жаңы жылды кубануу жана шаңдануу менен тосуп аласыңар!
Балдар үчүн ар бир Жаңы жыл сыйкырдуу майрамдай сезилет. Бала кезде мен дагы силерге окшоп Жаңы жылды абдан самап күтөөр элем. Себеби Жаңы жыл алдында бардык балдар, анын ичинде мен дагы кыялданып, тилек кылып, жаңы максаттарды алдыга коюп, Жараткандан алардын аткарылышын суранаар элек. Силер дагы ошентесиңер, туурабы, балдарым. Андыктан силер дагы кыялданып, алдыга чоң-чоң максаттарды койгула!
Мен силерди, дегеле кичинекей досторумдун баарын Жаңы жыл майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын. Жаңы жыл алдындагы каалоолоруңардын кабыл болушуна, алдыга койгон ой-максаттарыңардын аткарылышына тилектешмин. Себеби, биздин окуучуларыбыз жакшы окуп, мыкты адис болууну, талбай иштеп, ата-энесин кубантууну, аны менен кошо Ата Мекенинин атын чыгарууну, желегин бийик желбиретүүнү каалайт деп бекем ишенем. Ошондуктан 2024-жылы баарыңардын аруу-тилегиңер аткарылсын!
Агай-эжейлериңерди, ата-энелериңерди, бизди кубантып, албан-албан ийгиликтерди жараткыла! Аракет кылып, максаттарыңарга жеткиле!
Менин кичинекей досторум, биз өтүп бараткан жыл тууралуу да сөз кылып, аны таарынтпай узатып коелу. Мен силердин атыңардан жалпы элибизге бакубатчылык, тынчтык жана ийгиликтерди тартуулаганы үчүн узап бараткан жылга ыраазычылыгымды билдирип, ыракматымды айтам.
Чындыгында эле бул жылы ар бир баланын, ар бир үй-бүлөнүн, ошондой эле мамлекеттин эсинде кала турган ийгиликтерге жетише алдык.
Силер дагы “2023-жылы мен олимпиададан орун алгам, мен спорттогу жетишкендигим үчүн грамота алгам, мен көркөм өнөр боюнча өлкөмдүн желегин желбиреткем же эң жакын досума жардам бергем” деп, өтүп бараткан жылды жылмаюу менен эстегиле. Ошол көз ирмемдер жүрөгүңөрдө жакшынакай элес болуп көпкө чейин сакталсын.
Урматтуу окуучулар, биз келечекке олуттуу карайлы. Себеби кайсы өнүккөн өлкөнү албайлы, алардын эң негизги байлыгы – бул силердей болгон билимдүү балдар. Себеби мектепти жакшы окуп, мекенчил болуп тарбияланып-өсүп, жогорку окуу жайлардан татыктуу кесиптерге ээ болгон жаштар өз өлкөсүн өнүккөн өлкөлөрдүн катарында туруусуна салым кошкондугу тууралуу жүздөгөн, миңдеген мисалдар бар. Алар да өз мектебинен терең билим алуу менен бара-бара өз Мекенинин чыныгы атуулу болушкан.
Бүгүнкү күндө сүйүктүү Кыргызстаныбызда балдардын сапаттуу билим алуусуна бардык шарттар түзүлүүдө. Мамлекет жүздөгөн мектептерди салып, сапаттуу китептерди чыгарууга аракеттенип, агай-эжейлериңердин айлык акыларын көбөйтүүнүн үстүндө тынымсыз иштеп жатат. Мунун баары силер үчүн! Силердин чыныгы атуул болуп чыгышыңар үчүн!
Биз билим менен илим аркылуу гана өнүккөн өлкөнү, күчтүү мамлекетти курууга жетишебиз. Андыктан силер - билимдүү окуучулар өлкөнүн интеллектуалдуу потенциалы, келечектин үмүтү жана таянычы болуп бересиңер.
Азыркы заман – билимдин, жаңы технологиянын, интеграциянын заманы. Силер ушундай жаңы чакырыктар менен бирдей кадам шилтеп, дүйнөлүк жаңылыктардан артта калбай, билим-илимди терең өздөштүрүүгө умтулушуңар зарыл. Санарип технологияларды, көп тилдерди өздөштүрүп, жаңы ойлоп табууларды жаратууга аракет кылышыңар керек. А биз болсо силердин аракетиңерди ар тараптан колдоого даярбыз.
Жаңы жылыңар кут болсун!"- деди мамлекет башчы.