Ички иштер министрлиги 2024-жылы жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында төрт ири долбоорду ишке киргизет. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда онлайн кеңешмеде айтылгандыгын мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ички иштер министри Улан Ниязбеков бүгүн ички иштер органдары тарабынан жаңы жылды тосуу мезгилинде коомдук тартипти сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана унаа кырсыктарынын алдын алуу тууралуу онлайн кеңешме өткөрдү.
"Азыркы учурда төрт чоң долбоорду ишке ашыруу үчүн келишимдерди түзүп, макулдашуулар өткөрүлдү. Министр кеңешменин жүрүшүндө долбоорлор тууралуу маалымат берди", - деп айтылат билдирүүдө.
Биринчи долбоор — Эксперттик-криминалистиканы чыңдоо, модернизациялоо жана потенциалын жогорулатуу боюнча “ДНК лаборотория” куруп, ишке киргизүү.
Экинчи долбоор — Санарип инфратүзүмдү жакшыртуу үчүн Ички иштер министрлигинин жана анын бардык түзүмдүк бөлүктөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга багытталган “Санарип булут” технологиясын, анын платформаларын түзүп, ишке киргизүү. Бул кадам, ыкчам маалыматтарды алууга жана жеринде иликтөөлөрдү жүргүзүү сапатын жакшыртууга чоң өбөлгө жаратат.
Үчүнчү долбоор — “Жеткиликтүү милиция” аталыштагы программанын алкагында “Милициянын көчмө кабылдамаларынын” ишмердигин күчөтүп, элди сервистик тейлөө сапатын кеңейтип, жаңы форматка чыгуу.
Төртүнчү долбоор — Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө актуалдуу маселеге айланган коркунучтар бар. Андыктан элдин коопсуздугун туруктуу деңгээлде камсыздоо боюнча “Экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөшүү борборун” түзүүгө бел байлоо пландалууда.
Белгилей кетсек, онлайн режиминде өткөн кеңешмеге министрдин орун басарлары, тиешелүү кызматтардын жана аймактардыгы ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери катышты.