Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайында транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн топтолуусу катталууда. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Казакстандын Жамбыл облусунда аба-ырайы убактылуу жакшыргандыгына байланыштуу Кыргызстандан Казакстанга жана башка өлкөлөргө жүк ташуунун агымы кескин көбөйгөн.
Бүгүн, 22-декабрь саат 17:00гө карата “Ак-Тилек-автожол” өткөрмө жайында чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 468 жүк ташуучу унаа турат.
"Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги бардык өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жаткандыгын белгилейбиз", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.