Блогер жана актриса Айпери Чотонованын сүйүктүүсү анын колун сурады. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Белгилүү болгондой, жигити колун Прагада сураган.
«Прага, сүйүктүү адамым, мен жана шакек… Бул жөнүндө кыялдана да алчу эмесмин. Жакшы сөздөрүңүздөр үчүн ыраазычылык. Кыздар, силерге да буюрсун", — деп жазды ал.
Мындан сырткары, сүйүктүүсүнүн бул кадамы ал үчүн күтүүсүз болгонун да айткан.
"Саякаттарда жигитим видео тартууну сурайт, бул кезектеги эстелик үчүн тартылып жаткан видео деп ойлогом. Бактылуумун!", - деген актриса.