Кыргызстандык 12 жаштагы сүрөтчү Шабданбек Тагаев Японияда өткөн балдар арасындагы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча 14-эл аралык сүрөт конкурсунда “Эң мыкты эл аралык сүрөт” наамына ээ болду. Бул туурасында бүгүн, 17-декабрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, Японияда өткөн эл аралык конкурска дүйнөнүн 77 өлкөсүнөн 16409 бала катышкан. Ал эми Кыргызстандан аталган конкурска 23 баланын эмгеги сунушталган.