УКМК Ысык-Көлдө "Хизб ут-Тахрир" уюумунун 6 мүчөсүнүн үйүнө тинтүү жүргүздү

Ысык-Көлдүн Түп районунда жана Каракол шаарында “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-декабрда “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү Х.Р.К., Т.М.С., Ж.М.Б., С.К.М., К.М.Б жана А.У.Б. аттуу жарандардын жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлгөн.

"Жыйынтыгында ар кандай брошюралар, диний мүнөздөгү блокноттор, ошондой эле уюлдук телефондор табылган. Алар аркылуу “Хизб ут-Тахрирдин” экстремисттик материалдарын таратуу фактылары жана Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан жок кылынган “Саид Бурятскийдин” террористтик мүнөздөгү видео чакыруулары табылды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан