Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Сузак районундагы №53 тергөө изоляторунун жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Анда Жапаров кылмыштуу чөйрөнү коомдон обочо кармоо керек экенин айтып, шаар ичиндеги абактарды шаардын сыртына чыгаруу саясаты жүрүп жатканын белгилеген.
Маалыматта өкмөт башчынын “Ушул биз ачып жаткан № 53 тергөө изоляторун чыгардык. Абакты Базар-Коргон районуна көчүрүп жатабыз. Буга чейин бул изолятордо аялдар менен жашы жете элек балдар кармалып келген. Туура, жазык-аткаруу мыйзамдарынын талаптарына ылайык калктын аярлуу катмары болгон аялдар жана жашы жете элек балдарды кармоо үчүн тиешелүү шарт болгон эмес”,- дегени айтылат.
Мындан тышкары №53 тергөө изоляторунун жаңы имаратын курууга республикалык бюджеттен 364 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөнүн белгилеп, “Ылайым эле, көбүрөөк мектептерди ачып, жолдорду асфальттап туралы. Айла жок экен, ошол эле учурда коомубузда жаман жолго баскан жарандарыбыз да бар. Алар үчүн да эл аралык Адам укуктарынын талаптары боюнча камак шарттарын жакшыртууга аргасызбыз жана бул өкмөттүн милдети”, - деген Акылбек Жапаров.
Ошондой эле "Министрлер Кабинетинин башчысы Жазаларды аткаруу кызматынын № 10 түзөтүү мекемеси жана кайтаруу, күзөтүү департаментинин № 5 батальону мекемесинин имараттарын бузуу иштери менен таанышты. Белгилүү болгондой Жалал-Абад шаарынын ичинде жайгашкан бул абак сыртка чыгарылып, анын ордуна административдик имараттар жана сквер курулат", - деп айтылат билдирүүдө.