Кыргызстандын акыйкатчысы менен Европарламенттин депутаттары жолугушту

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева менен Европарламенттин депутаттары жолугушту. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушуу Бишкектеги Акыйкатчы институтунун имаратында өттү. Анда тараптар адам укуктары жаатында бир катар маселелер боюнча пикир алышты.

Жамиля Жаманбаева Акыйкатчы институту демократияны чыңдоого, адам укуктары менен эркиндиктери жаатына негиз болгон ченемдер менен стандарттарды камсыздоого умтулуп жатканын белгилеп өттү.

Институт адам укуктары жана эркиндиктери жаатында зарыл болгон чараларды ишке ашыруу үчүн колунан келген күч-аракетин жумшайт. Алдыга койгон милдеттерди аткарыш үчүн сөзсүз түрдө биздин Институтту күчтөндүрүп жана чыңдоо зарыл. Бул багыттагы алгачкы кадамдар ишке ашып жатат, “КРнын Акыйкатчысы жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору иштелип чыкты. Мындай мыйзам кабыл алынып кала турган болсо Институттун көз карандысыздыгы күчөтүлөт жана анын мандаты кеңейтилет. Азыркы учурда мыйзам долбоору КРнын парламентинин кароосунда турат.

Мыйзам долбоору Венеция комиссиясы, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу, АТФ, БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы сыяктуу эл аралык кадыр-барктуу институттардын экспертиза процедурасынан өттү жана албетте биз жарандык коомдун катышуусу менен бир катар коомдук угууларды өткөрдүк.

Биз ЕБ менен келечекте жакшы жыйынтыктарды алып келе турган жана биздин жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга көмөк бере турган баардык тармактарда өз ара активдүү кызматташуу жана тажрыйба алмашууга даярбыз. Биз ЕБнын муктаждарга гуманитардык көмөк көрсөтүү боюнча аракеттерин жогору баалайбыз”, — деп айтты акыйкатчы.

Анда Европарламенттин депутаты Томаш Здеховский адам укуктары жана эркиндиктери жаатында диалогду улантуунун маанилүү экендигине ишенээрин билдирди.

Кыргызстан Борбордук Азияда демократиялык принциптерди илгерилетүү боюнча алдыңкы позицияны ээлейт. Буга байланыштуу биз сиздер менен көбүрөөк кызматташууга даярбыз, анткени жакшы жыйынтыктарды көргүбүз келет. Акыйкатчы болуу кыйын жана ар бир эле адам мындай жоопкерчиликти алып кете албашы мүмкүн. Биз сиздердин институт адам укуктарын коргоо жаатында маанилүү кадамдарды кабыл алып жатканын көрүп жатабыз. Көп учурларда соккуларды өзүңүзгө кабыл алып жатасыз. Биз мындан ары да бул багытта күчтөнүп иштейсиз го деген ниеттебиз. “Демократия маалында уктап калсак, автократияда ойгонушубуз мүмкүн” деп коюшат эмеспи. Сиздердин элчинин аракети менен биз Кыргызстан жөнүндө эң жакшы билебиз. Биз сиздер менен байланышта болууга жана диалогду улантууга даярбыз”, - деди Томаш Здеховский.

Ошондой эле тараптар мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу, ошондой эле укук коргоо механизмдерин изилдөө боюнча эл аралык эң мыкты тажрыйбаларды алмашуу боюнча кызматташтыктын маанилүү экендиги талкуулашты.

Жыйынтыгында тараптар эл аралык укук жана жалпы таанылган принциптерга ылайык адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы баардык актуалдуу маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан