Криштиану Роналду Кыргызстандын атынан чыккан Дмитрий Биволдун беттешин көрдү

Сауд Арабиянын “Аль-Наср” футболдук клубунун атактуу чабуулчусу Криштиану Роналду Эр-Риядда өткөн бокс кечесине катышты.

Тактап айтканда, португалиялык футболчу кыргызстандык Дмитрий Бивол менен британиялык Линдон Артурдун беттешин көрдү. Анын жанында дагы бир атактуу мушкер Конор Макгрегор отурду.

Бул беттеште Бивол калыстардын чечими менен жеңишке жетип, жеңил салмактагы WBA Super версиясы боюнча дүйнөнүн чемпиону болуп, IBO курун алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан