Бишкекте ичимдик ичип отуруп бөтөлкөлөшүн бычактап салган жаран кармалды

Бишкек шаарында күзөт кызматкерлери тарабынан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен бөтөлкөлөшүн бычактаган кыз кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-декабрда саат 23:45 чамасында "102" кызматына 30 жаштагы П.А. аттуу жарандан бычактан жаракат алгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

"Факты боюнча материалдар Свердлов РИИБге катталып, күзөт кызматкерлери дарекке келишкенде бычак жеген П.А. тез жардам унаасы менен ооруканага жөнөтүлгөнү такталган.

Кийин кылмышка шектүү 1999-жылы туулган С.М. аттуу жаран экени жана окуя спирт ичимдигин ичүүдөн улам ортодо пикир келишпестиктен чыкканы аныкталган. Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") менен кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан