Күрөш: Азат Эркимбаев "Азиянын мыкты машыктыруучусу" болду

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев "Азиянын мыкты машыктыруучусу" болду. Бул тууралуу Күрөш федерациясы кабарлады.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун Азия континетиндеги өкүлчүлүгү башкы машыктыруучулардын ичинен Азат Эркимбаевди "2023-жылдагы Азиядагы мыкты машыктыруучу" деп тапкан.

Ошондой эле эркин күрөш боюнча Азиядагы мыкты машыктыруучу болуп Иран курамасынын машыктыруучусу Пежман Доросткар табылса, кыз-келиндер күрөшү боюнча мыкты машыктыруучу болуп япониялык Ре Канехама табылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан