Блогерлер Арген Асанов менен Аружан Бекешева жол кырсыгына кабылды

Блогер жубайлар Арген Асанов менен Аружан Бекешева Баткенде жол кырсыкка кабылышты. Бул тууралуу Арген Асанов 26-декабрга караган түнү социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Анда ал келинчеги Аружан Бекешеванын ооруканада жаткан сүрөтүн жүктөп, Баткен элинен кечирим сурады.

"Баткен эли, силерден кечирим сурайбыз. Жакшы ниет менен жол арытып келип калганбыз. Кырсык айттырбай келет деген ушул экен. Барбай калдык, түшүнүү менен карайсыздар деген ойдомун", - деп жазган ал.

Ошондой эле ал дагы деле нес абалда экенин, мындай жол апаатынан аман калганына ыраазы болгонун кошумчалады. Мындан тышкары блогер кырсыкка кабылгандагы видеосун жана жарактан чыккан унаанын сүрөтүн жүктөдү.

Белгилей кетсек, жубайлар кошуна өлкөнүн "Бир болайык" берүүсүнөн таанышып, ушул жылы июль айында баш кошушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан