Баткенде блогер жубайлар Арген Асанов менен Аружан Бекешева кабылган жол кырсык боюнча облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалымат берди.
Ага ылайык, кырсык кечээ, 25-декабрда болжол менен саат 12:30 чамасында катталган. Кырсык Баткен району аркылуу өткөн Ош-Баткен-Раззаков жолунун 213-чакырымында орун алган. Анда Баткен шаарынын тургуну С.у.М өзүнүн Мерседес бенц үлгүсүндөгү унаасы менен Ош шаарынан Баткен шаарын көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай кырсыктаган.
Натыйжада жол апаатынын кесепетинен айдоочу жана К. кызы Ч. менен Аружан Бекешева аттуу жүргүнчүлөр жабыркаганы, ошондой эле алар Баткен облустук биргелешкен ооруканасына жеткирилгени кошумчаланды.