“Май куюучу жайдын кызматкерине кол салган” деген шек менен бир адам кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 16-декабрь күнү Кант шаарындагы май куюучу жайлардын биринде иштеген кызматкерди белгисиз эки адам бычак менен коркутуп, акчасын алып кетүүгө аракет кылышкан. Ошол учурда май куюучу жайдын ичинде олтургандардын бири милиция чакырганга жетишкен.
Укук коргоо кызматкерлери изи сууй электе кылмышка шектүүнүн бирин кармап калууга жетишишкен. Ал эми бири качып кеткен.
Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168(Тоноо) беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.