ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2023: Коён жылында бир башын эки кылып үй-бүлө курган атактуулар кимдер?

Тектеш кабарлар: ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2023 (5 материал)

SUPER.KG порталы узап бара жаткан 2023-коён жылында үй-бүлө куруп, турмуш жолуна аттанган атактууларды тизмектеп берүүнү туура көрдү. Алардын катарында маданият өкүлдөрү, спортчулар жана башкалар бар. Жан шеригин таап, бирге түтүн булатып, чачыбыз бир жаздыкта агарсын деген аруу тилек менен баш кошкон түгөйлөр тууралуу баяныбызды баштайбыз.

Маданият өкүлдөрү арасында узап бара жаткан жылды жыйынтыктоочу үлпөт той кыргыз эстрада ырчысы Айардын үлпөтү болду көрүнөт. Ал бойдокчулук менен ноябрь айынын 13үндө коштошуп, сүйүктүүсүнө баш кошту.

Түгөйлөрдүн заманбап үлпөт тою Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы тойканалардын биринде өттү. Ырчыны куттуктап бир катар белгилүү ырчылар барышкан.

Ал эми спортчулар арасында бул жылы үйлөнгөндөрдүн тизмесин грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиону Сыймык Махмудов жыйынтыктады. Анын үлпөтү 20-декарбь күнү борбор калаадагы тойканалардын биринде өтүп, ага балбандын туугандары, жакындары, достору катышты.

Ноябрь айынын аягында Сыймык Махмудов сүйүктүүсүнүн колун кинотеатрдан сурап, колуна шакек салган. Белгилей кетсек, Сыймык Махмудов атактуу балбан Акжол Махмудовдун бир тууган агасы. Ал ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча 63 килограмм салмакта учурдагы өлкө чемпиону.

Ноябрь айында футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Эрбол Атабаев үйлөндү. Ал Малика аттуу сүйлөшкөн кызына баш кошту.

Эрбол Атабаев 2001-жылы Кант шаарында жарык дүйнөгө келген. Атабаев улуттук курамадагы дебюттук оюнун 2022-жылдын июнь айында Бишкекте өткөн Сингапурга каршы оюнда талаага чыккан.

Ал эми октябрь айында "Ак шумкарлардын" чабуулчусу Виктор Майер үйлөндү.

Футболчу Германияда иштеп, ошол жакта жашагандыктан, анын үйлөнүү тою дагы Германияда өткөн.

Ушул эле айда ММА уюмунда аты аттын кашкасындай таанымал белгилүү кыргыз мушкери Эдил Эсенгулов да бойдокчулук менен коштошкон.

Мушкердин үлпөт тою 23-октябрда Бишкектеги тойканалардын биринде орун алган.

Белгилей кетсек, Эдил Эсенгулов "Open FC" уюмунун 77 килограммга чейинки салмак чениндеги чемпиону.

Ал эми сентябрь айынын аягында ырчы, актриса Толгонай Арзыкеева турмуш жолуна аттанган.

Үлпөт той эки жаштын жакындары, санаалаштары жана шоу-бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн.

Эске салсак, 3-сентябрда ырчыга сүйүктүүсү сөйкө салып кеткени белгилүү болгон. Көп өтпөй, тагыраагы, 5-сентябрда Бишкектеги тойканалардын биринде анын кыз узатуу тою болуп өтүп, анын жолдошу Атай аттуу мырза экени маалым болгон.

Бир кездерде “Эсимде”, “Дүрдана” ырлары менен көпчүлүккө таанылган ырчы Сапар Сопубеков сүйүктүүсүнө август айынын башында баш кошту.

Ырчынын үлпөт тою Баткендин Кызыл-Кыя шаарында өткөн. Анын келинчеги кесиптеши экени, ОшМУда комуздан сабак берери белгилүү болгон.

Бул жылы түгөйүн тапкандардын катарында төкмөлүк өнөрдүн учугун улап келе жаткан жаш акын Кутман Садыбакасов да толуктады. Анын үлпөт тою 5-июлда Бишкектеги тойканалардын биринде өттү. SUPER.KG порталы акындын кубанычы менен тең бөлүшүп байланышканда буларды айтып берген.

"Тойду нарктуу өткөрөлү деп аракет жасадык. Той Рысбай Исаков менен Самат Көчөрбаевдин манас айтуусу менен башталды. Андан соң төкмө акындар жар-жар айтып, бизди элдин астына алып чыкты.

Коноктордун сап башында маданият министринин орун басары Кайрат Олжобаевич баштаган инсандардын, заман залкарлары Замирбек Үсөнбаев, Табылды Актанов, Түгөлбай Казаков баштаган даанышмандар болду. Мындан сырткары эстрадабыздын ырчылары да келип, тойдун көркүн ачышты.

Анан албетте, жаныбызда биздин ата-энебиз, жакындарыбыз, досторубуз болду. Келген элдин батасын алып, тойду жогорку деңгээлде өткөрүп алдык", - деген Садыбакасов.

Ал эми июнь айында Бишкекте алып баруучу Максат Доврановдун үлпөт тою өткөн.

Кыз узатуу той 25-июнда болсо, 26-июнда түгөйлөрдүн заманбап тою өткөн. Ага чейин алып баруучу биздин порталга интервью берип, сүйүктүүсү Чүйдүн кызы экенин айткан. Анын жубайы Алтынай аттуу бийкеч, 20 жашта. Ал алып баруучу болуп эмгектенип келген. Алар телеканалдардын биринде таанышкан. Учурда түгөйлөр биргеликте блогерлик менен да алектенип, түрдүү видеолорду да тартып келишет.

Ал эми 24-июнда ырчы Алмаз Шаадаев сүйүктүүсүнө баш кошкон. Анын жубайы Алина аттуу бийкеч экени белгилүү болгон.

Ырчы баш кошкондон кийин SUPER.KG порталына маек куруп, жаңы турмуш жолуна кадам таштап жаткандагы сезимдери, жубайынын мүнөзү тууралуу айтып берген.

"Үйлөнгөнүмө дагы деле ишене албай кетем, кээде туруп мен чын эле үйлөндүмбү деп нес болуп кетем (күлүп). Үйлөнгөндөн кийин жакам агарып калды, бул эми жалгыз эмесмин, ишенген адамым, шеригим бар деген сөз. Жубайымдын мүнөзү токтоо. Үйдө мен көп сүйлөп, энергиям ашып-ташып турат", - деп билдирген ырчы.

Июнь айында үй-бүлө кургандардын катарында казак кызы Аружан менен кыргызстандык блогер Арген да бар. Алар Казакстандын "Бир болайык" берүүсү аркылуу таанышып, үй-бүлө курушкан. 11-июнда Казакстанда Аружандын кыз узатуу тою өтсө, 2-июлда Жалал-Абадда жаш жубайлардын заманбап үлпөт тою өткөрүлгөн.

Узап бара жаткан жылдын июль айында актёр Чыңгыз Максүтов менен блогер Айдина Турдалиева баш кошкон. Тойго эки жаштын жакындары, шоу-бизнес өкүлдөрү катышкан.

Түгөйлөр былтыр актёрлор Кутман Айылчиев менен Океана Урматбектин үлпөт тоюнда таанышкан.

Ушул жылдын март айында MC Doncha деген каймана аты менен белгилүү болгон вайнер Данияр Токтомаметов үйлөндү. Жагымдуу кабары менен ал социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу маалымдап:

“Кечээ жашоомдогу эң чоң кадамдардын бирин жасадым. Мен үйлөнүү чечимин кабыл алдым”, - деп жазган.

Ал Айдай аттуу бийчи кыз менен баш кошкону белгилүү.

Кыргызстанда "өзгөчө" датада баш кошкондор да арбын болду.

  • 23.03.23 - сандарын камтыган датада 199 түгөй баш кошту.
  • Ал эми 14-февраль - сүйүшкөндөр күнүндө 55 түгөй никеге турган.
  • 23.10.23 - сандарын камтыган “өзгөчө” датада 115 түгөйүй үйлөнгөн.
  • 23.11.23 - бул күнү 200гө жакын түгөй баш кошту.

SUPER.KG порталы аруу тилектер менен баш кошкон түгөйлөрдүн турмуш жолу даңгыр болушуна тилектеш. Жаңы жылда бактын издеп жаткан ар бир инсан жан шеригин таап, бактылуу үй-бүлөрлөрдүн катарын толуктасын деген ниетин билдирет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан