Саламаттык сактоо министрлиги ведомстволук кагаз түрүндөгү отчёттордон толугу менен баш тартып, маалыматтарды чогултуу жана иштетүү үчүн санариптик платформага өтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта бул демилге маалыматты чогултуу жана талдоо процесстерин оптималдаштырууга, ошондой эле ресурстарды үнөмдөөгө багытталганы белгиленип, санариптик отчёттуулукка өтүү саламаттык сактоо тармагына жыл сайын болжол менен 10 миллион сом үнөмдөөгө мүмкүндүк берери айтылат. Мекеме мурда бул каражаттар жол киреге жана кагаз сатып алууга жумшалып келгенин айтат.
Демилгенин артыкчылыктары:
Натыйжалуулук: санариптик маалыматтарды иштетүү так эсептөөлөрдү жүргүзүүгө жана трендди анализдөөгө мүмкүндүк берет, бул башкаруу чечимдерин туура кабыл алууга өбөлгө түзөт.
Ресурстарды үнөмдөө: кагаз отчетторун жок кылуу акчаны үнөмдөйт, аны саламаттык сактоонун маанилүү муктаждыктары үчүн колдонсо болот.
Экологиялык туруктуулук: кагазды колдонууну азайтуу экологиялык жоопкерчиликке жана туруктуулукка шайкеш келет.
"Бул чечим маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн, маалыматтын тезирээк иштетилишин жана саламаттык сактоо системасынын ачыктыгын жакшыртат", - деп айтылат билдирүүдө.