"Йакын-Инкар" диний экстремисттик уюмунун Жалал-Абаддагы 6 мүчөсү экстремисттик идеологиядан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган уюмдун 1972-жылы туулган Т.Т., 1983-жылы туулган А.М., У.Э., 1986-жылы туулган С.Ш., 1988-жылы туулган С.О. жана 1991-жылы туулган С.Б. аттуу мүчөлөрү экстремисттик идеологиясынан баш тартышкан.
"Бул адамдар мурда “Йакын-Инкар” экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, Жалал-Абад облусунун аймагында экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып келишкен.
Тергөөнүн жүрүшүндө жогоруда аталган кыймылдын мүчөлөрү күнөөсүн толугу менен моюнга алышып, экстремисттик идеологияларынан баш тартышты", - деп билдирүүдө.
Учурда УКМК тарабынан "Йакын-Инкардын" кылмыштуу ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда, ошондой эле тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын катарына тартуунун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.