Бүгүн, 27-декарбда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда калаа мэринин жаңы жылдык балатысы өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жаш бишкектиктерди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалады.
"Кышкы эс алууңар жакшы өтөт деп үмүттөнөм. Бул күндөрдү жакшы маанайда өткөрүп, позитивдүү энергия алып, жаңы күч менен окууну баштооңуздар үчүн Бишкек шаарында тиешелүү шарттар түзүлдү", - деп кошумчалады мэр.
Балдарга "Щелкунчик" музыкалык жомогу көрсөтүлдү.
Иш-чарага 1100 бала, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, жетим, жарым жетим, турмуштук оор кырдаалда калган балдар, ден соолугуна байланыштуу үйдө окуган балдар, мектеп отличниктери, активисттер жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары катышты.
Концерттин аягында бардык балдарга жаңы жылдык белектер тапшырылды.