Казакстанда кыргыз оор атлетчилери 18 медаль жеңишти (тизме)
Оор атлетика боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курама командасы Эл аралык мелдеште 18 медаль жеңишти. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргыз спортчулары Казакстандын Көкшетау шаарында В.Ю.Пактын жаркын элесине арналган Эл аралык мелдеште 11 алтын, 5 күмүш, 2 коло утушкан.