Бүгүн, 28-декабрда кыргыз спортунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир катар спортчулар, машыктыруучулар жана жигердүү коомдук-саясий иши үчүн мамлекеттик кызматкерлер жана маданияттын өкүлдөрү "Жогорку Кеңешке 85 жыл" юбилейлик медалы менен сыйланды.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, юбилейлик медаль менен спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова, "Алыш" бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Азизхан Мусабек уулу, Азия чемпиондору Роман Сапаров, Элдияр Сексенбаев, Нурсултан Бочонов баштаган бир катар спортчуларга берилди. Башкы машыктыруучулар Нурбек Изабеков, Каныбек Абытов баштаган машыктыруучуларга да медалдар тапшырылды.
Сыйлыктарды депутаттар Чолпон Султанбекова, Марлен Маматалиев, Шайлообек Атазов жана Равшанбек Рысбаев тапшырды.