Ошто 26-27-декабрь күндөрү сойкулук жасоо үчүн көмүскө жайды уюштургандар жана сойкулук менен алектенгендерге каршы биргелешкен иш-аракеттер уланды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Алынган маалыматтарга ылайык, бир нече даректер текшерүүгө алынган. Көпчүлүк даректер боюнча алынган маалыматтар такталган эмес. Ал эми 3 дарек боюнча: А.Шакиров, А.Масалиев жана И.Раззаков көчөлөрүндөгу даректер боюнча алынган маалыматтар такталып, бул даректерде сойкулук жасоо менен алектенип жатышкан 5 кыз кармалып, милиция бөлүмдөрүнө профилактикалык иш чара өткөрүү үчүн алынып келинген.
Алардын эң жашы 22 жашта, эл улуусу 47 жашта болгон.
Учурда бул багытта ыкчам иш-аракеттер уланууда, калк тарабынан келген жана ыкчам маалыматтар текшерилип жатат. Айрым интернет булактарындагы шектүү баракчалар, сайттардын үстүнөн ыкчам маалыматтар жүргүзүлүп жатат.