Эми мектептерде класстарды окуучулар өздөрү тазалай башташат

Өлкөдөгү мектептерде СССРдегидей, Япониядагыдай класстык бөлмөлөрдү жыйноо системасы кирет. Бул тууралуу билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева "Кыргыз радиосунун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мындай система окуучуну өзүн-өзү тейлөөгө, бирөөнүн эмгегин баалоого жана турмуштук көндүмдөрдү калыптандырууга жардам берет. Бул система төмөнкү класстан жогорку класска чейин киргизилет.

“Урматтуу ата-энелер, баламдын укугу бузулуп жатат деп кыйкырып чыга калбагыла. Бирөөнүн короосун, үйүн барып жыйнабайт. Ал өзү окуган жерди, классты жыйнайт. Бул үчүн биз көп өлкөлөрдүн тажрыйбасын көрдүк. Мисалы, Японияда балдар керек болсо даараткананы тазалашат экен”, - деди министр.

Ал азыркы тапта Бишкектеги мектептерде иштеген күзөтчүлөрдүн, техниктердин эмгек акыларын оптимизациялап жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, техниктердин айлыгын жакшыртуу жөнүндө маселени 15-16-декабрь күндөрү Бишкекте өткөн экинчи Элдик курултайда Чүйдөн келген делегат көтөрүп чыккан. Айтымында, алардын айлыктары кылган кызматын актабагандыктан эч ким иштебей жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан