Биз социалдык тармакта

Петровкадагы абакка минералдык суу деп 108 литр спирт ичимдигин киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды

Абактагы соттолгондорго алкоголдук спирт ичимдигин жашыруун киргизүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-декабрда саат 15:20 чамасында Петровка айылында жайгашкан №8 түзөөтүү мекемесинде соттолгон С.Уга бир тууганы С.М. 108 литр спирт ичимдигин киргизүүгө аракет кылган. Ал 1,5 литрлик Ысык-Ата суусундугунун идишине куюп алып келген.

Жыйынтыгында анын алдамчылыгы билинип, алынган суюктуктар экспертизага жөнөтүлгөн.

"Абакта колдонууга тыюу салынган буюмдарды соттолгондорго киргизүүгө аракет кылгандарга 17 500 сом айып салынарын эскертет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан