
Базар-Коргон милициясы тарабынан алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Жалал-Абад ОИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, район тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал 13-сентябрда 37 жаштагы тургун 7 баш малын 500 000 сомго алып, 1 жумада берем деген боюнча качып жүргөндүгүн билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Иликтөө ишинин жүрүшүндө Ноокат районунун тургуну 1986-жылы туулган П.К. экендиги аныкталган. Бирок ал тергөөгө келбей изин жашырып жүргөндүгүнө байланыштуу издөө жарыяланган.
Үстүбүдөгү жылдын 22-декабрь күнү П.К. Ош шаарынын аймагынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.