Кечээ, 30-декабрда Абу-Даби шаарында футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы менен БАЭ курамасы кез келди.
Жолдоштук контролдук беттештин алкагында өткөн бул оюн 1:0 эсебинде үй ээлеринин жеңиши менен аяктады. Беттештеги жалгыз гол акыркы минутада пенальтиден кирди.
Бул Кыргыз курамасынын жолдоштук контролдук беттештин алкагындагы экинчи жеңилиши. Буга чейин "Ак шумкарлар" Өзбекстанга 1:4 эсебинде утулган.