"Ак шумкарлардын" капитаны Азия Кубогуна катышпай турганын айтып, билдирүү жасады

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичин Катарда өтө турган Азия Кубогуна катышпайт. Бул тууралуу футболчу өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Урматтуу күйөрмандар, машыгуу сборунда алган жаракатыман улам тилекке каршы, Азия Кубогуна катыша албайм. Футболчуларга жалаң гана жеңиштерди жана бийик жетишкендиктерди, жаракатсыз оюндарды каалайм! А биз болсо өз кезегинде жигиттерибизди чын жүрөктөн колдойбуз! Алга Кыргызстан!", - деп жазды Кичин.

4 жылда бир өтүүчү футбол боюнча Азия Кубогу 2024-жылдын 12-январында Катарда башталат. Кыргыз курамасы Азия Кубогунда Сауд Арабиясы, Таиланд жана Оман менен бирге "F" тайпасында жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан