Ташиев үч жыл мурун Көлбаевге президенттин эскертүүсүн жеткиргенин билдирди

Кыргызстанда криминалга каршы күрөш аягына чыгып калды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 31-декабрда социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Атайын кызматтын башчысы элди Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, өлкөдө мындан ары криминалдык топтор, мыйзамдагы уурулар болбой турганын белгиледи.

"Дүйнө жүзүндө канча мамлекет болсо, алардын баарында коррупция бар экендиги маалым. Айырмасы ошол коррупциянын деңгээлинде гана. Кээ бир мамлекеттерде жемкорлук жокко эсе болсо, айрым өлкөлөрдө уюшкан коррупция бар. Демек жемкорлук эч качан токтобойт. Андыктан мен дагы бир жолу баса белгилеп айта кетүүм керек – коррупцияга каршы күрөш тынымсыз улантылат. Ал эми уюшкан криминалдык топту жок кылуу боюнча биздин ишибиз аягына чыгып калдык десем жанылышпайм. Мындан ары Кыргызстанда уюшкан криминалдык топ, “мыйзамдагы ууру”, “смотрящий”, “положенец” деген түшүнүктөр болбойт. Кыргызстанда инвесторлор, бизнесмендер жана жөнөкөй калк үчүн бейиштин төрүндөй шарттар түзүлөт", - деп жазды Ташиев.

Мындан сырткары УКМК төрагасы үч жыл мурда орун алган окуяга токтолгон.

"Биз бийликке келээр замат президентибиз баарыбызды чогултуп, мен жана ИИМ башчысы Уланбек Ниязбеков аркылуу “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевге, "Мындан ары инвесторлоду, бизнесмендерди, базарларда олтурган карапайым калкты тоногонду токтотсун. Бирөөнүн мүлкүн тартып алуудан алыс болсун. Тартип сакталсын, мамлекеттик мыйзамдар менен жашасын” деген эскертүү берген. Көлбаев, “Жарайт, мамлекеттин мыйзамдары менен жашайм, тартиптүү болом” деп айткан, бирок баягы эле көнгөн адатын уланта берди. Жыйынтыгында бир топ жарандарыбыздын мүлктөрүн тартып алганы, керек болсо мамлекеттик ишканаларды мыйзамсыз менчиктеп, кээ бирлерине үлүшкө олтуруп алганы, чет өлкөлүк инвесторлордон ири суммадагы үлүш алып жүргөндүгү, ири ишканалардан ай сайын “отметка” алып тургандыгы аныкталды. Анан кантип биздин мамлекет өнүгөт эле?

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, кайсы гана өлкө болбосун, аны өнүктүрүүнүн негизги багыты - чет өлкөдөн келген инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү. А бизде тескерисинче болуп келген. Анын кесепетинен 30 жылдан бери өлкөбүз артка кетип жүрдү. Эми мындан ары инвесторлор жана жергиликтүү бизнесмендер үчүн Кыргызстан - бейиштин төрү болот! Келгиле, кенен-кесир бизнесиңерди кыла бергиле. Мындан ары бизнесмендер мамлекет тараптан корголот! Мен ага кепилдик берем", - деген атайын кызматтын башчысы.

Ошондой эле ал мунун баарына Садыр Жапаровдун эрки болбогондо, жалгыз күчү жетмек эместигин кошумчалаган.

"Мурдагы башчылардын аттарын атабай эле коёюн. Баары эмес, бирок көпчүлүгү криминал менен коюн-колтук алышып кеткен. Криминал менен күрөш такыр болгон эмес. Тескерисинче өздөрүнө жакпаган оппозициячы саясатчыларга криминалдарды жиберип, айрымдарын өлтүртүп, колдонуп жүрүшкөн. Бул эч кимге деле жашыруун эмес. Баарыбыз эле билебиз. Булардын баары кечээ эле көз алдыбыздан өткөн окуялар. Эми мунун баары артта калды. Ошондуктан, келиңиздер, жамандыктын баарын эски жылга таштап, Жаңы жылга жалаң жакшылыктар менен кирели. Жаңы жыл сүйүктүү Кыргызстаныбыз үчүн жакшы жылдардан болсун деп Кудайдан тилейли. Ар бир үй-бүлөгө жакшылыктар кирип, жакшы жетишкендиктер болуусун тилейм! Кыргызстаныбыз тынч болсун", - деп жыйынтыктаган ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asyl27
2024-01-01 15:56:00
Азыр олкобуздо координально эч нерсе озгоргон жок. Садыр Ж-тун сыйкырдуу создоруно ишенбей калдык. Базарларда олтурган соодергерлерден акчасына жан багып жаткан бийли. Садыр өзүнүн чөнтөгүнөн акча чыгарып мектеп салып жаткандай мактанат. Салык төлөгөн соодагерлерге ырахмат айтсын.
-1
Asyl27
2024-01-01 16:00:00
Элдин пикирин сыйлабаган Садырдын бийлиги жарыбайт, мүдүрүлөт. Садыр Жапаровту сыйлап, бирок элдин ой пикирин сыйлабаган депутаттар аман эле болсун
-1
Azat-123
2024-01-01 16:50:00
Садыр Камчы азаматсыңар, жаратканым силерге дагы да күч кубат берсин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан