Бул жолу белгилүү актриса, ырчы Асема Токтобекова менен маектештик.
"Эл аралап велосипед тепким келген кыялым орундалбай келет" деген ырчы Асема Инстаграмдан алыстоону жан дүйнөсү каалаганын айтты.
"Интернетте алаксыткан нерселер, негатив абдан көп. Реалдуу жашоодо үй-бүлөгө убакыт артпай калат экен. Кадимки жашоодо жашагым келди. Жан дүйнөмдө боштуктар бар экенин сездим. Баарына шүгүр, болгону өзүмө көбүрөөк көңүл буруп, өсүп-өнүккүм келди", - деди ал.
Кызыктуу маекти толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.