Баткендин Кызыл-Кыя шаарында 4-кабаттан секирүүгө аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, окуя тууралуу билдирүү "101" кызматына кечээ, 2-январда саат 14:52де түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат үч куткаруучу барып, 4-кабаттан секирүүгө аракет кылган 28 жаштагы Т.у.Б. аттуу шаар тургунун сүйлөшүү жолу менен жерге түшүрүшкөн.