
Ушул жылы Катарда өтө турган футбол боюнча Азия кубогунда ойной турган Кыргызстандын курама командасындагы спортчулардын акыркы тизмеси бекиди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, улуттук команданынын футболчулары машыктыруучу Штефан Тарковичтин жетекчилиги астында чыгат. Команда Бириккен Араб Эмирликтеринде жана Катарда турнирге карата машыгууларын улантууда.
26 футболчудан турган спортчулардын тизмеси:
- дарбазачылар:
Эржан Токотаев, Марсел Исламкулов, Султан Чомоев, Курманбек Нурланбеков;
- коргоочулар:
Кайрат Жыргалбек уулу, Християн Браузман, Айзар Акматов, Бактыяр Дүйшөбеков, Тамирлан Козубаев, Бекжан Сагынбаев, Сүйүнтбек Мамыралиев, Александр Мищенко, Амантур Шамурзаев;
- жарым коргоочулар:
Одилжон Абдурахманов, Адиль Кадыржанов, Кай Мерк, Бекназ Алмазбеков, Кими Мерк, Гүлжигит Алыкулов, Нурдөөлөт Сталбеков, Атай Жумашев, Фархат Мусабеков Фархат, Азим Азаров;
- чабуулчулар:
Эрнис Батырканов, Кожо Жоэл, Дастан Токтосунов;
- машыктыруучу - Штефан Таркович.
Эске салсак, Азия кубогу 12-январдан 10-февралга чейин Катарда өтөт. "Ак шумкарлар" D тайпасында Оман, Сауд Арабия жана Таиланд курама командалары менен ойнойт.
"Буга чейин "Ак шумкарлар" Өзбекстан, БАЭ командалары менен ойногон. Ал эми Сирия менен эртең, 5-январда, Вьетнам менен 9-январда кез келет. Беттеш жолдоштук машыктыруучулук мүнөзгө ээ болуп, жабык режимде жана эфирсиз өтөт", - деп айтылат билдирүүдө.