
Бишкек шаарындагы Үмөталиев жана Турусбеков көчөлөрү 6-январдан тарта унаалар үчүн бир тараптуу болуп өзгөрөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдирди.
Ага ылайык, Турусбеков көчөсүндө Москва көчөсүнөн тарта Жибек Жолу проспектисине чейин түштүктөн түндүк тарапты көздөй жүрсө, ал эми Үмөталиев көчөсүндө Жибек Жолу проспектисинен тарта Москва көчөсүнө чейин түндүктөн түштүккө карай жүрөт.
Буга чейин борбор калаанын Гоголь жана Сүйүмбаев көчөлөрүндө жол кыймылы бир тараптуу болгон. Жалпысынан сегиз көчөдө жүрүү кыймылын өзгөртүү мерчемделген.
Мындай иш аракеттердин максаты шаардагы автоунаа тыгындарын жоюу жана каттамдарды жакшыртуу болуп эсептелет.