Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Алимардон Шүкүров Азия Кубогуна катышуу үчүн улуттук курамга чакырылган футболчулардын тизмесине кирген жок.
Өз кезегинде Кыргыз футболдук союзу Алимардон Шүкүров БАЭге каршы оюнда жаракат алганын билдирди.
"Алимардон Шүкүров азыр курама команданын карамагында. БАЭге каршы контролдук беттеште жаракат алгандан кийин, оюнчу Азия Кубогуна болгон оюнчулардын тизмесине кирген жок.
Бирок, эгерде Шүкүров турнирдин башталышына чейин калыбына келип калса, анда курамда шашылыш алмаштыруу жүргүзүлөт", - деп билдиришти футболдук союздан.
4 жылда бир өтүүчү футбол боюнча Азия Кубогу 2024-жылдын 12-январында Катарда башталат. Кыргыз курамасы Азия Кубогунда Сауд Арабиясы, Таиланд жана Оман менен бирге "F" тайпасында жайгашкан.