Алып баруучу, актриса Назира Бердигулова бүгүн, 7-январда 35 жашка толду. Аны өздүк майрамы менен куттуктап байланышканыбызда туулган күнүн үй-бүлөсүнүн курчоосунда өткөрөрүн айтты.
"Куттуктоо үчүн чоң рахмат. Бүгүнкү туулган күнүмдү тоспойм деле, жакындарым менен болом. Өздүк майрамымды 24 жаштан 30 жашка чейин үзбөй белгилечүмүн. Кийин эле шаң-шөөкөттү жактырбай, тынчтыкты каалап калдым. Бирок башкалар туулган күнүнө чакырса, барып коё берем", - деди ал.
Ошондой эле аны алгачкылардан болуп жолдошу белектери менен куттуктаганын айтты.
"Эң биринчи жолдошум 101 роза жана Айфон 15 про макс берип куттуктады. Мындан тышкары Дубайга жолдомо да тартуулады", - дейт Бердигулова.
Назира Бердигулова 1989-жылы Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган. "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисинин ээси. "Мен сүйгөн карагат”, “Кандуу сүйүү-2”, “Мезгил жана Алыкул” жана башка тасмаларда роль жараткан. "Даам" көрсөтүүсүн автору жана алып баруучусу.
7-январга карата жылнаама.