Комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу бүгүн, 7-январда 34 жашка толду. Аны куттуктап байланышка чыгып, чыгармачылыгы тууралуу да суроо бере кеттик.
"Туулган күндө жылда Суусамыр айылына барчу элем. Анткени ошол жерде туулуп, алгачкы абаны Суусамырдан дем алгам деп Суусамырга балык уулоого кетчүмүн. Быйыл Кочкордо болдум, балык уулоодо. Түндө эң биринчи болуп Талант Сыдыков деген бирге балык уулаган агам куттуктады. Андан соң бир тууган агам Зайырбек, анан Дөөлөт байкем. Бирге жүргөн элек. Негизи туулган күн тоспойм. Эч кимди да убара кылбайм. Үйдөн алыс жактарга кетип калам", - дейт ал.
Комузчу өткөн жыл ийгиликтүү болгонун айтты. Анын айтымында, 2023-жылы залкар комузчу, күү атасы Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгы, Атай Огонбаев, Шекербек Шеркуловдордун 120 жылдыгына арналган кароо сынактарда алдыңкы сапка чыгып, баш байгени утуп алган.
Закирбек Дүйшөнбек уулу 1990-жылдын 7-январда Суусамыр жергесинде туулган. Атасы - элдик табып Дүйшөнбек Чомо уулу, ал эми апасы - Арпажан. Закирбек Дүйшөнбек уулу 4 бир тууган.
5 жашынан ырларды, обондорду жаттап үйрөнөт. 6 жашынан ар кандай сынактарга катышып, 7 жашында “Мээрим” фонду республика боюнча уюштурган “Жаш талант” сынагына катышып, биринчи жеңишке ээ болгон. Ошентип Мукаш Абдраев атындагы жатак-мектепте 10-класска чейин окуп, ал жакта тарбияланат.