Бүгүн, 8-январда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында жаңы желек илинди. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар катышты.
Бул желек Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Белгилей кетсек, Бишкектин “Ала-Тоо” аянтына жаңыланган туу 1-январда илинген. Ал Жогорку Кеңеш кабыл алган туудан бир топ айырмаланып турарын айтышып, нааразычылыгын билдиргендер чыккан.