Баткен районунун Ак-Сай айылындагы чайкана өрттөнүп кетти. Бул туурасында бүгүн, 18-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өрт кечээ, 17-декабрь күнү саат 23:35тер чамасында катталган. Тилсиз жоонун кесепетинен чайкананын 28 чарчы метр чатыры, эмеректери күйгөн. Өрттү өчүрүүгө 50дөн ашык жергиликтүү тургундар катышышкан. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.