
Баткенде урандыда калган 2 кен казуучу куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 7-январда ӨКМга Сүлүктүдөгү “Южный 3” шахтасында 2 кен казуучу урандынын астында калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 18 куткаруучу тартылып, куткаруу иштери көмүр шахтанын 140 метр тереңдигинде жүргүзүлгөн.
Натыйжада 1992-жылы туулган И.Х. жана 1976-жылы туулган И.М аттуу жарандар куткарылып, “Тез жардам” кызматына өткөрүлүп берилген.
"Статистикага таянсак, Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарында соңку 2 жыл аралыгында куткаруучулар жалпы 94 куткаруу иштерине тартылып, анын ичинде 6 жарандын өмүрүн сактап калышкан", - деп айтылат маалыматта.