Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары жылкыларды чек арадан мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 7-январда Аксы районунун Ак-Там жергесинде чек арачылар 1999-жылы туулган К. уулу А. аттуу Сөгөт айылынын тургунун кармашкан. Ал үч жылкыны Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган.
Ошондой эле бир күн мурун чек арачылар Жалал-Абад облусунун Ноокен жергесинде Өзбекстандан Кыргызстанга чек араны кесип өткөн белгисиз жаранды байкашкан.
Шектүү жаранды кармоо учурунда чек ара кызматы ал таштап кеткен эки баштыктагы дарыларды табышкан. Аткезчи жашырынып кеткенге жетишкен.
Учурда аткезчини издөө уланууда.
Аткезчилик менен алынып өтүүгө аракет кылынган жылкылар менен дарылардын жалпы суммасы болжол менен 700 миң сомдон ашуун экени аныкталды.