Сакиш 56 жашта! "Туулган күнүмдү Чуңкурчакта чана тээп өткөргөнү жатам" дейт актриса Айнура Тургунбаева 

Бүгүн, 9-январда Сакиш атка конгон актриса, куудул Айнура Тургунбаева өздүк майрамын белгилеп жатат. Ал 56 жашка чыкты. Актрисаны өздүк майрамы менен куттуктап байланышканыбызда бул күндү жакындары, бир туугандары менен тосуу үчүн шаардан айылга кеткенин айтты.

"Маанайым абдан сонун. Куттуктап байланышканыңар үчүн силерге чоң рахмат. Кечээ кечинде айылга келгем. Түнү 12ден өткөндө жакындарым куттуктап, жакшы сөздөрүн арнашты. Бүгүн да майрамдык маанайды улантабыз деп турабыз. Бир туугандарым туулган күндү Чуңкурчактан уланталы деп жатат. Буюрса, өздүк майрамымды тоодон чана тээп өткөрүп жатам. Эс алып, чер жазып келгени жатабыз", - дейт актриса.

Театр жана кино актрисасы, өлкөнүн эмгек сиңирген артисти Айнур Тургунбаева 1968 -жылы Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Стрельникова айылында төрөлгөн. Мектепти бүтөрү менен Кыргыз драма театрынын алдындагы эки жылдык студияга тапшырган. Аны аяктаган соң Жаштар театрында иштеп калган.

Сакиш деп аталып калышынын себеби, маркум Марат Жанталиев экөө “Кимдин баласы?” деген спектаклде жубайлардын ролун ойношкон. Анда күйөөсүнүн аты Бопуш, аялынын аты Сакиш болгон. Ошондон кийин көпчүлүк аларды Сакиш, Бопуш деп атап калган.
Айнура Турганбаева "Боз салкын", "Күкүк Шахра", "Быйыл сөзсүз күйөөгө тием-2", "Шаардык келин Шарапат" жана башка тасмаларда роль жараткан. Мындан тышкары куудул айым клиптерге дагы тартылып келет. Ошондой эле театр сахнасында да өнөрүн тартуулап жүрөт.
Ал эми Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы 2019-жылы берилген.
9-январга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан