Аламүдүн районунун Чыгыш айылындагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 2 адам жабыркады. Бул туурасында ӨКМнын өкүлү Нурлан Ташманбетов бүгүн, 18-декабрда билдирди.
Анын айтымында, өрт кечээ, 17-декабрь күнү саат 17:33төр чамасында катталган. Анда турак үйдүн уктоочу бөлмөсүндө өрт чыгып, үй ээси жана 2007-жылы туулган баласы түтүнгө ууланып калышкан. Тилсиз жоо тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам келип чыккан.