Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кечээ, 8-декабрда Бишкек шаарынын жана Кыргызстандын епискобу Савватийге барды.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Байсалов Христостун туулган күнүнө байланыштуу епископ Савватийди жана өлкөнүн православ христиандарын куттуктап, жалпы православ коомчулугуна бакыт, жакшылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.
Ал православ дини Кыргызстандын көп улуттуу элинин салттуу диндеринин бири катары тааныларын белгиледи.